16:22, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202052 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (72 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (28 адам окуп жатат)
Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды

Экологиялык кырдаал боюнча маселе ар бирибизге тийиштүү, - өкмөт башчы

11:28, Үчтүн айынын отузу, 2020 70

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге экологиялык уюмдардын да өкүлдөрү катышып, Бишкек шаарындагы экологиялык жагдайдын актуалдуу маселелери талкууланды. Премьер-министр баса көрсөткөндөй, борбор калаадагы экологиялык кырдаал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айланды. Анын айтымында, муну менен бирге мамлекеттик органдардын, экологиялык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан борбордун экологиясына таасирин тийгизген көп факторлор саналууда.

«Бул так жана ырасталган маалыматтын белгилүү бир жетишсиздигине алып келет. Биз үчүн ыкчам түрдө таасирдүү чараларды болушунча көрүү жана экологияны жакшыртуу максатында кырдаалдын начарлашынын себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо маанилүү. Биздин бардык күч-аракетибизди бириктирип, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет. Бул максаттарда биринчи вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн жана борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу, биз баарыбыз экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттарды табат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кыйла көйгөйлүү багыттар боюнча экологиялык жүктөмдү азайтуу чараларынын конкреттүү топтому иштелип чыкканын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерин киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштыруунун масштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Премьер-министр экологиялык кырдаал боюнча маселе ар бирибизге тийиштүү, ошондуктан мамлекет тараптан да, экологиялык коомчулуктан дагы жана Бишкек шаарынын тургундарынан да өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи. Жарандар арасында экологиялык билим менен маданияттын принциптерин пропагандалоо керек.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком