15:21, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202047 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (104 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

«Тумар» бий тобунун мүчөсү Талгат үйлөндү (видео)

10:40, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 194

Баракелде -  Мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдардан түзүлгөн «Тумар» бий тобунун мүчөсү Карабек уулу Талгат үйлөндү. Бул тууралуу эстрада ырчысы Неля Нуркулова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, үйлөнүү тойдон тартылган видео жүктөдү.

Бишкектеги ресторандардын бирине жаш жубайларды ырчы Неля «Жар-жар» ырынын коштоосунда киргизди.

Ал Инстаграм баракчасына: «Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн “Тумар“ тобунун бийчиси Талгат үйлөндү. Буйруса Талгат жаңы ийгиликтерди багынтат деп ишенбиз. Кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун!», - деп жазды.

«Тумар» бий тобу 2009-жылы Бишкектеги «Үмүт-Надежда» реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларынан түзүлгөн. Бул топ көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком