16:33, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202053 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (66 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Сүрөт: Совет мезгилинде дээрлик жок болуп кеткен кыргыз дөбөттөр

На русском
14:20, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 629
Кыргызский дөбөт
Кыргызский дөбөт
// АКИpress

Баракелде -  «Бугу эне» коомдук фондунун президенти дээрлик жок болуп кеткен иттин тукумун — кыргыз дөбөттөрүн кайрадан көбөйтүү менен алектенет.

Фонддун директору Салтанат Сейитова АКИpress агенттигине билдиргендей, кыргыз дөбөт — эзелки жергиликтүү иттин тукуму.

«Совет мезгилинде бул порода жок болуп кеткен. Аларды атышкан. Учура ит баккандар бул породаны кайра көбөйтүү менен алектенип жатышат. Алыскы айылдардан күчүктөрдү топтоп, архивдердеги сүрөттөрдү карап, андан кийин тандап алабыз. Алар Кыргызстанда абдан аз калды. Бул тукумдагы иттер башка өлкөлөрдө жок», - деди ал.

--------------------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасына кыргыз дөбөтүн багып келе жаткан Чыңгыз Сейитбеков анын артыкчылыктары тууралуу айтып берген.

«Кыргыз дөбөтү мурдатан 2Кыргыз дөөлөт", "Бөрүбасар", "Кыргыз дөбөт" деп үч аталышта аталган. Элибиз мал киндиктүү болгондуктан "дөөлөт алып келген ит" деп "Кыргыз дөөлөт" деп атаптыр. Дөбөттү саткан эмес, бирөөнө берген эмес, аны уурдап алып багышкан. Түнкүсүн короого тийген жырткычты басып, алып келгенден улам "Бөрү басар" аташкан. Дөбөт түнкүсүн дөбөгө барып жатып, карышкыр сыяктуу жырткычтан малды сактагандыктан "дөбөдөгү ит" деп жүрүп "дөбөт" аталышы келип чыккан.

Кыргыз дөбөтү жоголуу коркунучу турат. Кыргыз дөбөтү боюнча уюм жок. Азыр Кыргызстанда 70-75 гана таза кыргыз дөбөтү бар. Кыргыз дөбөтүн өстүрүүгө Баткен, Чаткал, Кызыл-Токой деген жерлерде көңүл бурулган экен. Көлдө жана башка жерлерде кыргыз дөбөттөрүн башка улуттагылар сатып кетип жатышат», - деген Сейитбеков.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда 200гө жакын дөбөт бар. Кыргыз дөбөтүн көбөйтүүгө жана сактап калууга азырынча мамлекет көңүл бура элек. Бирок таза кандуу дөбөттөргө болгон кызыгуу бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком