15:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (81 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (24 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Көзүнө ок тийген ак илбирстин азыркы абалы. Жаңы видео

На русскомEnglish
15:55, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (Жаңыланды: 16:25, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020) 571

Баракелде -  Таласта көзүнө ок атылгандан кийин Бишкекке алынып келген ак илбирстин абалы жакшырып калды. «Бугу эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Саитова бүгүн, 24-январда АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, учурда ак илбирс реабилитациялык борбордо.

Бул жаныбарга Жаабарс деген ысым беришкен.


Адистердин пикири боюнча Таласта табылган ак илбирс — Жаабарска кокустан ок атышкан. Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Алмаз Мусаевдин айтымында, ак илбирс кайсы бир жерден кармалган болушу мүмкүн.

«Себеби адистер ал үй жаныбарындай болуп жатканын айтышууда. Качып кетип, мергенчиге жолугуп, ал коркуп кеткендиктен ок чыгарган болушу мүмкүн. Октун чачмаларына караганда алар куштарга аңчылык кылган. Биз учурда укук коргоо органдары менен бирге бул маселени карап жатабыз», - деди Мусаев.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жетекчинин пикирине кошулган жок.

9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган. Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком