16:02, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202045 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (70 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

«Транзиттик саясаттан артта калдык»: Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу тууралуу

На русском
15:11, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 163
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев

Баракелде -  Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев парламентке кайрылуусунда Евразиялык экономикалык биримдикке Өзбекстанды кошуу боюнча билдирүү жасады.

«Бүгүнкү күндө биздин тышкы соодабыздын 80 пайызы Россия, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу транзит менен алынат. Аны менен бирге даяр продукциянын экспортунун 50 пайызы, кээ бир позициялардын 80 пайызы бул өлкөлөрдүн үлүшүнө кетет. Ошондуктан Өзбекстандын Евразиялык экономикалык биримдик менен өз ара аракеттенүү маселеси каралып жатат.

Бул олуттуу маселеде биздин элдин кызыкчылыгын карайбыз. Биздин депутаттар менен сенаторлор бул маселени парламенттин палатасында ар тараптуу талкуулап чыгып, өзүнүн көз карашын толук жоопкерчилик менен айтышы керек. Биз акыркы 20-25 жылда жакшы мүмкүнчүлүктөрүбүз болгонуна карабастан транзиттик саясаттан артта калдык. Азыр биздин кошуналар, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бул тармакта кыйла алдыга кетти. Бизге транзиттик базарда өз ордубузду табуу зарыл», - деди президент.

Муну менен президент министрлер кабинетине изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгын Олий Мажлистин (Өзбекстандын парламенти) кароосуна берүүнү тапшырды. Ошондой эле Өзбекстан аймактык жана эл аралык уюмдар менен да активдүү кызматташа турганын кошумчалады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком