15:43, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202032 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (92 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (25 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Таласта табылган ак илбирске ок кокустан атылганбы?

На русском
13:23, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 112

Баракелде -  Адистердин пикири боюнча Таласта табылган ак илбирс — Жаабарска кокустан ок атышкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкектеги тегерек столдо Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, ак илбирс кайсы бир жерден кармалган болушу мүмкүн.

«Себеби адистер ал үй жаныбарындай болуп жатканын айтышууда. Качып кетип, мергенчиге жолугуп, ал коркуп кеткендиктен ок чыгарган болушу мүмкүн. Октун чачмаларына караганда алар куштарга аңчылык кылган. Биз учурда укук коргоо органдары менен бирге бул маселени карап жатабыз», - деди Мусаев.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жетекчинин пикирине кошулган жок.

«Сиз ак илбирске ок кокустан атылган деп жатасыз. Бул жерде жаза атууга мүмкүн эмес. Мен түшүнүп жатам, сиз өз органыңызды [Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги] коргоого аракет кылып жатасыз. Бирок мындай билдирүүнү абайлап жасоо керек. Ар бириңиздер рентгенди көрдүңүздөр, ал жерде жаныбарга атайын ок атылганы көрүнөт», - деди депутат.

Буга чейин 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком