16:39, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020403 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (72 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Айчүрөк, Динара, Гүлнур жаштыгыңызды эстетет. Ырчылар кечээ жана бүгүн

13:27, Үчтүн айынын жыйырма үчү, 2020 9451

Баракелде -  Мындан 20-30 жыл мурунку музыкалар, ырлар айрым окурмандар үчүн жаш кезин, балалыгын эске салат. «Баракелде» басылмасы бул жолу ошол хит ырлар менен эсте калган жылдыздардын кечээки жана бүгүнкү сүрөттөрүн топтоду.

Гүлнур Сатылганова — 1968 жылы 1-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарчасында төрөлгөн. Алгачкы жолу сахнага 5 жашында чыгып, ар кандай иш-чараларга, сынактарга катышып жүрүп, ырчылыкка аттанган. Учурда Кыргызстандын эл артисти.

Инстаграм социалдык түйүндөгү баракчасында 451 миң катталуучусу бар.

Бек Борбиев — Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти. Ал 1969-жылы 24-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулуп, Торкен айылында чоңойгон.

«Тазасы барбы?», «Делбирим», «Замандаш», «Шерине» жана башка ырлары менен эл оозуна алынып, учурда дагы талыкпай көптөгөн ырларды тартуулап келет.

  • Инстаграм баракчасында 546 миң катталуучу бар.

Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти 1989-жылы «Ала-Тоо периси» сулуулар сынагына катышып, 12 кыздын ичинен 1-орунду алган. Ошол сынакта комуз менен ырдаганын көргөн «Жаштар» театрынын жетекчилиги жактырып, жумушка чакырган. Ошондон тарта сахнага чыгып ырдап, «Роза гүлү» ыры менен коомчулукка таанылган.

Ошондой эле кыргыз эстрада өкүлдөрүнөн алгачкы жолу 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген.

  • Инстаграм баракчасында 272 миң катталуучу бар.

Сыймык Бейшекеев — Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти. Ал 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. «Гүлбайра» деген биринчи ыры менен коомчулукка таанылып, артынан көптөгөн ырларды жаратып, азыркыга чейин күйөрмандарын кубандырып келет.

2016-жылы эркин күрөш боюнча учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага арнап, «Таазим сага, Айсулуу» аттуу ырын жараткан.

  • Инстаграм баракчасында 54 миң катталуучу бар.

Расул Маматкулов — Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти. 1966-жылы 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган.

Алгачкы «Мен бийге чакырсамбы?» деген ыры менен эл оозуна алынып, азыркыга чейин ырлары ырдалып келет.

  • Инстаграм баракчасында 45 миң катталуучу бар.

Динара Акулова 1964-жылы 10-сентябрда Ысык-көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Марат Алыбаевдин «Эй, жазгүлүм», «Мен сени сүйөм», «Аккордеон», «Жайлоодо» деген ырларын аткарып, өлкөбүзгө белгилүү болгон.

  • Инстаграм баракчасында 334 миң катталуучу бар.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком