16:04, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202046 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (76 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (20 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

2019-жылы Кыргызстанда мамлекеттин бюджетинен 7 тасма тартылган

18:07, Үчтүн айынын он тогузу, 2020 97

Баракелде -  Кыргызстанда 2019-жылы мамлекеттин бюджетинен 7 толук жана кыска метраждуу тасма тартылган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы төмөнкү тасмалардын бет ачары болгон:

- Т.Океев атындагы «Кыргыз тасма» улуттук киностудиясы тарабынан тартылган «Адам жана карышкыр» анимациялык тасмасы;

- «Жусуп Абдрахманов» тасмасы;

- «Эл кайда конот?» көркөм тасмасы;

- «Чек арада» толук метраждуу көркөм тасмасы;

- «Манас» эпосунун мотиви боюнча тартылган «Ороздунун он уулу» тасмасы;

- «Аврора» толук метраждуу көркөм тасмасы.

Ошондой эле Кинематография департаментинин адистери тарабынан «Тарых барактары» деп аталган толук метраждуу документалдык тасма тартуу сунушталган. Басма сөз кызматы белгилегендей, өлкө боюнча 20 миң 153 көрүүчү үчүн 132 сеанс көрсөтүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком