16:49, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020500 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (58 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Токой чарба агенттигинин кызматкерин мылтык менен коркуткан мергенчи: Кылмыш иши козголду

На русском
15:46, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 166

Баракелде -  Жаратылышты коргоо мыйзамын бузган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Талып Бейшебаев аттуу жашоочусу кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 4-декабрда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аркар аткан браконьер кармалган.

Маалыматтарга ылайык, Кызыл китепке кирген аркарга (Марко поло) аңчылык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Ала-Тоо Эдвенче Тур» ЖЧКсынын мергенчилик кылуучу аймагынын сырттагы зонасында жүргүзүлгөн.

Жаныбарды мыйзамсыз аткан мергенчи Талып Бейшебаев аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан. Аны кармоо жана ок атуучу куралын алуу аракети учурунда ал агенттиктин кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Ошондой эле протокол түзүүгө мүмкүнчүлүк бербей, кызматкерлерди атам деп коркуткан.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринен турган мобилдик топ келгенге чейин браконьер мыйзамсыз атылган аркардын этин алып, аты менен качып кетүүгө жетишкен.

«Бир нече убакыттан кийин Т.Б. өзүнүн шериги менен кайтып келип, агенттиктин кызматкерлерин жана “Ала-Тоо Эдвенче Тур“ ЖЧКнын корукчусун кармап алган. Аларды курал менен коркутуп, үч сааттан ашуун убакыт күч менен кармап турушкан. Ошондой эле алар далилдерди жок кылуу үчүн кармалгандардын телефондорун тартып алып, видеожазууларды өчүрүп салышкан», - деп айтылган агенттиктин маалыматында.

Видеодон абайлаңыз (сөгүнгөн сөздөр айтылган):

Аталган факт боюнча Токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн Жети-Өгүз РИИБге арыз менен кайрылышкан.

Учурда укук коргоо органдары тергөө иш-чарасын жүргүзүп жатат. Иштин материалдары Кызыл китептеги жаныбарды мыйзамсыз аткан жаранга 1 млн сом өлчөмүндө айып салуу үчүн сотко жөнөтүлөт. Мындан тышкары браконьер кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, ок атуучу курал менен коркутканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Агенттиктин басма сөз кызматы белгилегендей, Жети-Өгүз РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 145-беренеси (Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу), ошондой эле 293-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле иштин жагдайлары боюнча Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери суралган. Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө ишин ички иштер министри менен агенттиктин директору көзөмөлгө алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком