15:35, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202054 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (94 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (28 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Башынан жаракат алган ак илбирстин абалы кандай? Сүрөт

На русском
15:10, Үчтүн айынын он алтысы, 2020 330

Баракелде -  Башынан жаракат алган ак илбирстин абалы дарылагандан кийин жакшырып калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн агенттиктеги жетекчилер жана кызматкерлер ак илбирстен кабар алышты. Аны дарылап жаткан Салтанат Сеитованын айтымында, учурда жаныбардын көзүнө көз дарысы куюлуп, ошондой эле антибиотиктер жана башка зарыл болгон дарылар берилип жатат. Дары-дармектер этке кошулуп берилүүдө.

Жаабарс уйдун эти, тоок эти жана жумшак сөөк менен тамактанып жатат. Дарыгерлер азырынча катуу сөөк берүүнү сунуштабайт. Кечээтен бери анын азыгына жумшак сөөк кошулду. С.Сейитова ак илбирс кичинекей сөөктөрдү кемирип жатканын кошумчалады.

Аталган агенттиктин билдирүүсү боюнча, ак илбирстин бир көзү агып калды делген маалымат тастыкталган жок.

«Ак илбирстин эки көзү тең бар, бирок жакшы көрбөйт. Дарыгерлер анын абалы жана көрүүсү дарылануудан кийин жакшы болуп, калыбына келет деп үмүттөнүп жатышат. Ал дайыма көзөмөлдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком