15:30, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202050 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (83 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (29 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Видео — Ысык-Көлгө жеткирилген ак илбирстин жаңы жашоосу

На русском
13:22, Үчтүн айынын он алтысы, 2020 113

Баракелде -  Нарындагы Жумгал районунан Бишкек шаарына алынып келген ак илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьев айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилген. Учурда ак илбирс реабилитациялык борбордо жашап жатат.

Жаныбарды Акмөөр деп аташканын Германиянын «NABU» жаратылышты коргоо союзунун өкүлү Толкун Асыкулов 13-январда Бишкектеги маалымат жыйында билдирген.

Аталган ак илбирсти 11-январда «Барс» тобунун кызматкерлери Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Жумгалдан Бишкек шаарына алып келишкен. Ак илбирс малга кол салууга аракет жасаган. Бирок карып жана алсыз болуп калгандыктан, мындан сырткары 3 азуу тиши жоктугунан улам малга кол сала алган эмес.

«Ветеринарлар аны текшерди, саламаттыгы жакшы. Карып калгандыктан өз алдынча азык таба албайт. Ак илбирс болжол менен 12 жашта. Өз алдынча аңчылыкка чыга албагандыктан адистер аны реабилитациялык борбордо кармашат», - деп айтылат аталган агенттиктин маалыматында.

------------------------------------------------------

Аталган ак илбирс Жумгал районунун Килемче жайлоосунда фермер Табылды Жусупакуновдун короосунда кармалган. Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жумгал району боюнча өкүлү Дөөлөтбек Жумалиевдин айтымында, алсыз илбирс Килемче жайлоосунун Кашка-Суу кыштоосундагы чабандын үйүнө барып, кайра кетпей жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Үстүбүздөгү жылдын 9-январь күнү мага телефон чалуу болуп, Килемче жайлоосундагы Кашка-Суу кыштоосундагы фермердин короосуна кирип келген илбирс кетпей жатканын айтышты. Мен ыкчам топ түзүп алып барганда илбирсти сарайга киргизип коюшкан экен. Илбирсти көрүп, ал жерден атайын тор жасап, аны кармап алып келдим. Анан жергиликтүү бийликке, облустук бийлик менен агенттикке маалымат бергем. Ал илбирстин 3 тиши жок жана алсыз экен. Колу-буту сынып, ок тийип, капканга түшкөн эмес. Абалы жакшы, болгону алсыз экенин көрдүм. 11-январь күнү кечинде "NABU" уюмунун "Барс" тобунун кызматкерлери келип, ак илбирсти атайын комиссия менен өткөрүп бердим», - дейт Д.Жумалиев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком