15:10, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (79 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (24 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Жарадар ак илбирске бишкектик кыз 9 кг эт алып келди (сүрөт)

На русском
10:36, Үчтүн айынын он алтысы, 2020 268

Баракелде -  Таластан табылып, «Бугу эне» реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилген ак илбирске жашоочулар жардам көрсөтүп баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

«Алина Бекжанова аттуу кыз биздин ак илбирске 9 килограмм эт алып келип берди. Суукта бул белекти жөө алып келиптир», - деп жазды фонддун өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчасына.

Мындан тышкары жарандар ак илбирске жардам катары «Бугу эненин» электрондук капчыгына акча которуп жатышат.

Буга чейин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен бирге ак илбирсти аталган борборго өткөрүп беришкен. Жаныбарды Жаабарс деп аташкан болчу. «Бугу эне» реабилитациялык борбору Бишкек шаарынын четинде жайгашкан.

9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Ал дарактын башында түшө албай отурган болчу. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком