23:37, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202032 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (18 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
11:14, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (14 адам окуп жатат)
Сузакта жаш келин менен эки уулунун жансыз денесин өз үйүнөн табышты

Балалуу келинден жеме уккан дарыгер Жогорку Кеңешке барды

18:38, Үчтүн айынын он беши, 2020 10350
Чолпон Рысбекова
Чолпон Рысбекова
// Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Баракелде -  Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында балалуу аялдан жеме уккан дарыгер Чолпон Рысбекова Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жуманын башында баласы ооруган эне дарыгердин жазып берген дары-дармектерин туура көрбөй, ага жаман сөздөрдү айтып, баласынын ооруп калышына дарыгерди айыптаган. Алардын сүйлөшүүсү видеого тартылып, интернетке тараган болчу.

Баласынын дарегине айтылган каргыш сөздөргө ызаланган дарыгер Чолпон Рысбекова бул окуядан кийин арызын жазып, эмгек өргүүгө чыгып кеткенин айтты. Ал 5 жылдан бери балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дарыгер. Анын айтымында, күнүнө беш жүздөн ашуун бейтапты кабыл алууга туура келет. Эмгек акысы 8900 сомду түзөт.

«Учурда жаш дарыгерлердин укуктары корголбой калды. Мындай учурлар аябай көп кездешет. Көпчүлүк билимдүү жаштар чет өлкөлөргө кетип жатышат», - дейт Ч.Рысбекова.

Депутат Жылдыз Мусабекова дарыгер менен бул тармактагы көйгөйлөрдү талкууга алды.

-----------------------------------------------------

Буга чейин аталган дарыгер жумуштан бошогонун №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирген болчу. Кийинчерээк аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова дарыгер жумуштан кетүү тууралуу арыз жазбаганын маалымдады.

«Мен бул оорукананын башкы дарыгеримин. Дарыгер жумушунан кетти деген маалыматты четке кагам. Дарыгерлер иш таштаган жок. Баары штаттык режимде иштеп жатат», - деди Г.Жанабилова.

-----------------------------------------------------

Буга чейин Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы: «Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Милиция кызматкерлери тарабынан белгисиз аялдын өздүгү такталды. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө дарыгер Р.Ч. тосмо арыз жазып, Н.Г.га доосу жок экенин айтты», - деп билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком