22:31, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202024 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (25 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
13:54, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы №2 мектепте окуучулар көп болуп, парталарда үчтөн отуруп жатышат

39 адамдын өмүрүн алган апаат: Учак кулаган Дача СУнун учурдагы көрүнүшү (сүрөт)

На русском
15:06, Үчтүн айынын он беши, 2020 793

Баракелде -  2017-жылы 16-январда эртең менен Дача СУ аймагында «Боинг-747-400» үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулаган. Учак Гонконгдон Стамбулга бара жаткан болчу.

Учак кырсыктын кесепетинен жергиликтүү 35 жашоочу жана экипаждын 4 мүчөсү көз жумган. Көз жумгандардын эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар. Кырсык эртең менен болуп, бул учурда айрым окуучулар мектепке жөнөп кетишкен.

Учак коно албай, учуу-конуу тилкесинен өтүп, Дача СУ аймагындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Андан кийин өрт чыккан. Анын кесепетинен 19 үй толугу менен бузулуп, 7 үйдүн жарымы талкаланган. Ошондой эле 12 айыл чарба курулушу бузулган. Учактын бортунда ар кандай 86 тонна жүк болгон.

Учурда кырсык болгон тилке тосулду. Бул жерге парк куруу пландалып, бирок бүгүнкү күндө бадалдар гана турат.

(2020-жылдын 10-январы)

Дача СУ аймагынын 3-көчөсүнүн жашоочусу 10-январда АКИpress агенттигине берген маегинде азырынча тургундарды көчүрүү тууралуу сөз боло электигин билдирди.

«Кырсыктан кийин бизге 25 миң сомдон беришти. Андан кийин эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле жашоочуларды көчүрүү тууралуу да сөз боло элек. Учурда үйлөрүн сатып жаткандар көп. Бирок аларды эч ким сатып албайт», - деди ал.

Анын айтымында, электр жарыгы бар, өткөн жылы үйлөргө суу киргизилди.

«Бала бакча, мектеп жана фельдшердик-акушердик пункт курулса жакшы болмок. Манас айылындагы оорукана, мектепке барабыз», - деп кошумчалады жашоочу.

(Архив. 2017-жылдын январы)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком