23:24, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202030 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (25 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
13:54, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (18 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы №2 мектепте окуучулар көп болуп, парталарда үчтөн отуруп жатышат

Салык кызматы 1 жылда 83,9 млрд сом чогултту

На русском
11:41, Үчтүн айынын он беши, 2020 57
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд 989,5 млн сом салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100%га аткарылып же 10,8 млн сомго ашыгы менен аткарылганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн.

«2019-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план ашыгы менен аткарылган. Алсак, алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1%га, бирдиктүү салык — 120,5%, жер салыгы — 111,3%, кыймылсыз мүлк салыгы — 107,5%, пайда салыгы — 106,4%, кыймылдуу мүлк салыгы — 104,4%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык — 103,7%, милдеттүү патенттин негизиндеги салык —103,3%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык — 103,2%, салыктык эмес келип түшүүлөр —130,2%га аткарылган», - деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну пландады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком