22:31, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202024 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (24 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
13:54, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы №2 мектепте окуучулар көп болуп, парталарда үчтөн отуруп жатышат

«Эжелеп окуп отурасыздар, абдан уят»: Депутат айым министрдин орун басарын сындады

На русском
11:14, Үчтүн айынын он беши, 2020 1821
Памир Асанов
Памир Асанов

Баракелде -  Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталды. Анын жүрүшүндө депутаттар үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маселе көтөрүп жатышат. Суроолорго ички иштер министринин орун басары Памир Асанов жооп берүүдө.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева 2018-2019-жылдары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан канча адам каза болгонун сурады.

П.Асанов 2018-жылы 2 адам каза болгонун билдирди. Ал эми вице-спикер массалык маалымат каражаттарында 2018-жылы 68 аял каза болгону тууралуу маалымат жарыяланганын айтты. Анын айтымында, бул статистика тастыкталган.

Министрдин орун басары маалыматтык борбордо катталган иштер боюнча 2 адам каза болгонун тактады. Ал 2019-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча канча адам көз жумганы тууралуу суроого так жооп бере алган жок.

«Бүгүнкү күндө акыркы эмелер менен алсак, 2 адам болуп жатат», - деди ал.

А.Касымалиева үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын канчасы эркек, канчасы аял экенин сурады.

«Эркектер 5752, аялдар 393. Жок...», - деди Асанов.

«Сиз өзүңүз түшүнүп жатасызбы, эмне айтып жатканыңызды? 5 миң эркек зомбулуктан жапа чектиби?», - деп сурады вице-спикер.

П.Асанов суроого жооп берүүгө аракет жасап, бирок жооп бере алган жок.

«Сиз эмне деп жатасыз? Жакшылап даярданып келбейсизби. Январда он күндүн ичинде 2 аял каза болду, болгондо да мыкаачылык менен. Азыркы айтканыңыз такыр туура эмес. Биз дагы даярданып келдик. Статистиканы даярдап, анан айтпайсызбы. Же билбейсиз эч нерсе», - деди Касымалиева.

П.Асанов: «Бул 2 факт 2020-жылга кирет», - деди

«Жаш баланын жообундай. Көбүнчө аялдар тушугат, аялдар өлүп жатат. Биз ичкилик дегенибиз менен андай эмес. Ичкилик болсо акесин уруп өлтүрмөк, атасын уруп өлтүрмөк, эркек эркекти өлтүрмөк. Өлтүргөндөн кийин да аялдарды күнөөлөп коюп жатышат. Бул жерде суроодон эле билинип жатат, "ошол аялдар өзү күнөөлүү беле?" деп. Ушундай дагы суроо болобу? Жакшылап даярданып келбейсиздерби! Сиздер алар арыз жазганда да ушундай мамиле кыласыздар. Сиздер үчүн бул кылмыш эмес. 8159 иштин ичинен 563 гана иш сотко берилген. Канча адам соттолду, зомбулук боюнча? Бул жерде эжелеп окуп отурасыздар, уят, абдан уят», - деди вице-спикер.

А.Касымалиева П.Асановдон так жооп талап кылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком