00:02, Үчтүн айынын жыйырма үчү, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202033 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (35 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео

5-баскычтагы бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандарга гемодиализдин акысы бюджеттен төлөнөт

10:24, Үчтүн айынын он беши, 2020 81
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматына (канды тазалоо боюнча медициналык процедура) республикалык бюджеттин эсебинен каражат төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн тартиби өкмөт тарабынан (2019-жылдын 29-августундагы № 441токтому) бекитилген. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар гемодиализ кызматын бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз, тактап айтканда, бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөй алышат.

«Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет. Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, Бирдиктүү реестрге киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматында дарттын оордугуна жараша бир ай бою сеанс чектелбестен көрсөтүлөт. Гемодиализ кызматын көрсөтүүнүн төлөмү тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

Гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком