23:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202029 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (15 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
11:14, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (15 адам окуп жатат)
Сузакта жаш келин менен эки уулунун жансыз денесин өз үйүнөн табышты
13:54, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (11 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы №2 мектепте окуучулар көп болуп, парталарда үчтөн отуруп жатышат

Сексуалдык кулчулук: Жумуштан чыккан кызды уурдап, сойкулукка мажбурлашкан (видео)

На русском
20:41, Үчтүн айынын он төртү, 2020 (Жаңыланды: 21:04, Үчтүн айынын он төртү, 2020) 609

Баракелде -  Казакстандын Алматы шаарындагы жеке турак үйдө кыздарды сексуалдык кулчулукта кармап жүрүшкөн. Ошондой кулчулукка кабылгандардын бири ал жерден качып чыгып, өзүнүн окуясын айтып берди.

Аталган кыз «КТК» телеканалына берген маегинде билдиргендей, аны жумуштан чыкканда уурдап кетишип, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Кармалган күндөн баштап аны ур-токмокко алышкан. Кийинчерээк ал жерден качып чыгып, полиция кызматкерлерине кайрылган. Ал эми аталган үйдө башка дагы кыздарды мажбурлап кармап жатышканы белгилүү болду.

Кулагы сынып, башы жарылып, денесинин бары көк ала болуп качып чыккан кыз бир нече күн сексуалдык кулчулуккта болгонун билдирди.

«Электр узарткычы менен далыма уруп, Камила менен Аида буттары менен дагы тепкилешти», - деди ал.

Окуя бир жума мурун болгон. Ал күндөгүдөй жумуштан үйүнө кайтып бара жатканда жанына унаа токтоп, ичинен эркек кишилер чыккан. Алар жабырлануучуну унаага салып, жеке турак үйгө алып барышкан.

Алар: «Сен сойку болуп иштейсиң. Эгерде макул болбосоң, биз сен сойку болуп иштейт деген документтериңди ата-энеңе көрсөтөбүз деп коркутушту», - дейт жабырлануучу.

Жумуштан үйүнө кайтып келбеген кызына сарсаана болгон ата-эне, туугандары издеп баштайт. Кызга чалса телефонуна эч ким жооп бербейт. Бир нече күндөн кийин кыз байланышка чыгып, кайда экенин айткан. Бирок жакындары кызды дароо чыгарып кете алган эмес.

Учурда кыз жана анын туугандары коркуп калышкан. Алар доктурга дагы кайрылуудан баш тартышты. Кыз полиция кызматкерлеринин катышуусу менен гана үйдүн дарегин көрсөтүүгө макул болду.

Айтылган дарекке барган укук коргоо органдарын үй ээси киргизүүдөн баш тартты. Бирок үйгө кирген полиция кызматкерлери бир нече кызды тапкан. Үйдөгү жарандардын өздүгүн тактоо үчүн аларды кармап кетишти. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком