15:44, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202032 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (89 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (28 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Видео, сүрөт: Жаракат алган Жаабарсты реабилитациялык борборго өткөрүп беришти

На русском
17:53, Үчтүн айынын он үчү, 2020 312

Баракелде -  Таластан табылган ак илбирс «Бугу эне» реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинен билдиришти.

Департаменттин кызматкерлери Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен бирге аталган борборго өткөрүп беришти. Жаныбарды Жаабарс деп аташты. «Бугу эне» реабилитациялык борбору Бишкек шаарынын четинде жайгашкан.

9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Ал дарактын башында түшө албай отурган болчу. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком