22:30, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202024 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (29 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
13:54, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы №2 мектепте окуучулар көп болуп, парталарда үчтөн отуруп жатышат

Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

На русском
15:49, Үчтүн айынын он үчү, 2020 355
Толгонай Стамалиева
Толгонай Стамалиева

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Президенттин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана президенттин басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Стамалиева Толгонай Турдалиевна президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып келген.

Ал эми Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Мансурова Наргиза Аскаровна дайындалды.

Стамалиева Толгонай Турдалиевна 1975-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «журналистика» адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

- Эмгек жолу 1998-жылы «Кабар» Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинде башталып, анда 2002-жылга чейин иштеген;

- 2002-2005-жылдары Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратынын басма сөз кызматында консультант, улук консультанты;

- 2005-2006-жылдары Борбордук шайлоо комитетинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары — басма сөз кызматынын жетекчиси;

- 2006-2007-жылы президенттин басма сөз кызматында референт;

- 2007-2009-жылдары эаралык «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы, тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары;

- 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси;

- 2011-жылы КР БШКнын төрагасынын жардамчысы;

- 2012-2015-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси;

- 2015-2016-жылдары Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2016-2017-жылдары Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

- 2017-жылы Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы;

- 2017-жылдын ноябрь айынан тарта президенттин басма сөз-катчысы — Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

«Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чинине ээ. 2014-жылы «Басма сөздү жана маалыматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын ардактуу белгиси менен сыйланган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин Ардактуу грамотасы менен сыйланган.

2006-2009-жылдарынегизги ишин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Коомчулук менен байланыш» багыты боюнча сабак берүү менен айкалыштырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком