19:10, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020708 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202051 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
Учурда окулуп жатат
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (75 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (51 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
13:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (27 адам окуп жатат)
«Курсак курулдап, нанга жетпей...»: 1990-жылдардагы жашоо эсиңиздеби?
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (18 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

«Ок тийген эмес»: Жумгалда табылган ак илбирс фермердин короосуна кантип барган? (видео, сүрөт)

13:49, Үчтүн айынын он үчү, 2020 13471

Баракелде -  Нарындагы Жумгал районунан Бишкек шаарына алынып келген ак илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьев айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилди. Жаныбарды Акмөөр деп аташканын Германиянын «NABU» жаратылышты коргоо союзунун өкүлү Толкун Асыкулов бүгүн, 13-январда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Аталган ак илбирс Жумгал районунун Килемче жайлоосунда фермер Табылды Жусупакуновдун короосунда кармалган. Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жумгал району боюнча өкүлү Дөөлөтбек Жумалиевдин айтымында, алсыз илбирс Килемче жайлоосунун Кашка-Суу кыштоосундагы чабандын үйүнө барып, кайра кетпей жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Үстүбүздөгү жылдын 9-январь күнү мага телефон чалуу болуп, Килемче жайлоосундагы Кашка-Суу кыштоосундагы фермердин короосуна кирип келген илбирс кетпей жатканын айтышты. Мен ыкчам топ түзүп алып барганда илбирсти сарайга киргизип коюшкан экен. Илбирсти көрүп, ал жерден атайын тор жасап, аны кармап алып келдим. Анан жергиликтүү бийликке, облустук бийлик менен агенттикке маалымат бергем. Ал илбирстин 3 тиши жок жана алсыз экен. Колу-буту сынып, ок тийип, капканга түшкөн эмес. Абалы жакшы, болгону алсыз экенин көрдүм. 11-январь күнү кечинде "NABU" уюмунун "Барс" тобунун кызматкерлери келип, ак илбирсти атайын комиссия менен өткөрүп бердим», - дейт Д.Жумалиев.

Ак илбирс алсыз болуп, өзүнүн жанын бага албагандыктан короого кирген. Фермердин айтымында, андан эки күн мурда жырткычтар бир тайды тытмалап кетишкен. Фермер ал карышкыр же сүлөөсүн деп ойлогонун айтат.

«Биздин баамыбызда ал тайды тытмалаган. Алы жок болгондуктан өлтүрө алган эмес. Ошондуктан тайдын артынан ээрчип келген. Жумгал районунун аймагында илбирстер бар. Өткөн жылдын август айында Ой-Кайың жайлоосунун Таш-Төр аймагынан чабан илбирсти 30 метр аралыктан көргөн, ал сүрөткө же тасмага тартып алган эмес. Мен каттоо учурунда илбирстин издерин көргөм. Муну биздин эсепке киргизгем, бизде да илбирстер бар экени аныкталып жүрөт. Кара-Кече аймагында да бар. Бирок ок атылып же капканга түшүп кармалган учурлар катталган эмес», - деди Д.Жумалиев.

-------------------------------------------------

Буга чейин 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда да жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком