16:47, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020483 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (52 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Ысык-Көлгө жеткирилген ак илбирсти Акмөөр деп аташты

На русском
12:21, Үчтүн айынын он үчү, 2020 479

Баракелде -  Нарындагы Жумгал районунан Бишкек шаарына алынып келип, андан кийин Ысык-Көлдөгү Ананьев айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилген ак илбирсти Акмөөр деп аташты. Бул тууралуу Германиянын «NABU» жаратылышты коргоо союзунун өкүлү Толкун Асыкулов бүгүн, 13-январда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Аталган ак илбирсти 11-январда «Барс» тобунун кызматкерлери Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Жумгалдан Бишкек шаарына алып келишкен. Ак илбирс малга кол салууга аракет жасаган. Бирок карып жана алсыз болуп калгандыктан, мындан сырткары 3 азуу тиши жоктугунан улам малга кол сала алган эмес.

«Ветеринарлар аны текшерди, саламаттыгы жакшы. Карып калгандыктан өз алдынча азык таба албайт. Ак илбирс болжол менен 12 жашта. Өз алдынча аңчылыкка чыга албагандыктан адистер аны реабилитациялык борбордо кармашат», - деп айтылат аталган агенттиктин маалыматында.

Буга чейин 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган. Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан.

Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком