16:15, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202048 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (74 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (27 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Башынан жабыркаган ак илбирс айыгып калды. Милиция ок аткандарды издеп жатат

На русском
10:11, Үчтүн айынын он үчү, 2020 351
// ГАООСиЛХ

Баракелде -  Таластан Бишкекке алынып келген жарадар ак илбирс айыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда АКИpress агенттигине Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

«Ал өз алдынча тамактанып, эт жеп жатат. Качан гана ал толугу менен калыбына келгенде, октун калган чачмаларын алуу үчүн экинчи операцияга даярданабыз», - деп айтылды маалыматта.

9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Ал дарактын башында түшө албай отурган болчу. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат. Аталган агенттиктин директору Мирслав Аманкулов бул ишти өз көзөмөлүнө алды.

11-январда «NABU» уюмунун «Барс» тобунун кызматкерлери Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Жумгалдан Бишкек шаарына алып келишкен. Ак илбирс малга кол салууга аракет жасаган. Бирок карып жана алсыз болуп калгандыктан, мындан сырткары 3 азуу тиши жоктугунан улам малга кол сала алган эмес.

«Ветеринарлар аны текшерди, саламаттыгы жакшы. Карып калгандыктан өз алдынча азык таба албайт. Ак илбирс болжол менен 12 жашта. Өз алдынча аңчылыкка чыга албагандыктан адистер аны реабилитациялык борбордо кармашат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком