22:31, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202024 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:54, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы №2 мектепте окуучулар көп болуп, парталарда үчтөн отуруп жатышат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео

Москвада кыргызстандык өспүрүм кыз турмушка чыккандан кийин дайынсыз жоголгон

На русском
10:24, Үчтүн айынын он бири, 2020 8442

Баракелде -  Москвада дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз табылды. Анын апасы укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 1977-жылы туулган жараны (аял киши) кайрылган. Анын айтымында, 2002-жылы төрөлгөн кызы Россияга өткөн жылдын сентябрь айында келип, үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ал арыз менен полицияга да кайрылган. Ошондой эле өз алдынча социалдык тармактар аркылуу издөөгө аракет жасап, бирок оң жыйынтык чыккан эмес.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү полиция менен бирге издөө иш-чараларын жүргүзүп, өлүк сактоочу жайлар, ооруканалар жана чет элдик жарандар кармалган убактылуу борборлор текшерилген. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө башка факт аныкталды. Окуя болгонго чейин 1 ай мурун арыз ээси кызын Кадамжай районунун 26 жаштагы тургунуна турмушка узаткан. Алар нике кыйдырып, 1 айдан кийин өспүрүм кыз жоголуп кеткен.

«Январь айынын башында дайынсыз жоголгон кыз табылды. Ал Москва шаарында жашап жүргөн. Милиционерлерге эмне үчүн үйүнөн кетип калганын айтып берди. Анын айтымында, апасы каршылыгына карабай бейтааныш адамга турмушка узаткан. Бир айдан кийин үйүндө киши жок учурда кийимдерин алып, кетип калган. Москвадагы райондордун биринде бөлмө ижарага алып, иштеп жүргөн. Ал сүйлөшүү учурунда өзүн-өзү камсыздай ала турганын айтты. Өкүлчүлүк өспүрүм кыз жана анын жакындарыга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле укуктары түшүндүрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком