20:53, 28-март, 2024

Аялдын төшүн кармаган айдоочунун сүрөтүн тараткан кызматкер 48 саатка камалды

На русском
20:08, 13-декабрь, 2019 1597

АКИpress -  Мониторинг борборунун жумуштан бошотулган кызматкерлеринин бири 48 саатка Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматтык териштирүүсүнөн кийин Мониторинг борборунун 2 кызматкери жумуштан бошотулганы маалымдалган. Кызматтык териштирүү интернетке тараган сүрөткө байланыштуу болду.

Буга чейин 01KG578ASD мамлекеттик номуру менен жүргөн бир нече унаанын сүрөтү социалдык тармактарда тараган. Ал эми бир сүрөттө айдоочу аял кишинин төшүн кармап жаткан болчу.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча маалыматтык ресурстар менен иштөөдө жол-жобону жана маалыматтык тутум менен иштөөнү бузуу фактыларынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүздү.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиги үчүн, тактап айтканда кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары колдонуу максатында адамдардын сүрөтүн башка адамдарга таратканы үчүн Мониторинг борборунун оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду. Ошондой эле ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган түзүмдүк жол-жоболорду, ИИМдин буйруктарынын талаптарын бузуу менен кол алдындагы кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарышын жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөбөгөнү үчүн Мониторинг борборунун 4 кызматкери ар кандай тартиптик жазага тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча ЖКККББнын айрым кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

-----------------------------------------------------

Буга чейин социалдык тармакта талкууга алынган «Мерседес-Бенц» (мамлекеттик номуру 01KG578ACD) үлгүсүндөгү унаа табылып, айып короого киргизилди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкен.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айдоочунун өздүгү аныкталып, унаадан мамлекеттик номур алынып, айып аянтчасына киргизилди.

Бишкек шаарынын 22 жаштагы жашоочусу Н.Т.га (айдоочу) карата Бузуулар жөнүндө кодекстин 121-беренесинин 4-бөлүмү (транспорт каражатын номуру жок, жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номурдук белгилери менен башкаруу, ага тете транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номурдук белгисин идентификациялоого тоскоолдук жараткан же аны өзгөртүүгө, жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөр жана материалдар колдонулган мамлекеттик каттоонун номурдук белгиси менен башкаруу) боюнча административдик протокол түзүлдү. Бул берене боюнча физикалык жактарга 10 миң сом айып салынат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком