13:30, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 20209 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202057 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202051 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (120 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (77 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (51 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Судьялык кесип — өтө жооптуу, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт, - өлкө башчы

12:23, Бештин айынын тогузу, 2019 67

Баракелде -  Судьялык кесип — өтө жооптуу, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт. Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдирди.

Өз сөзүндө Жээнбеков абийирдүү, адилеттүү, чынчыл судьяларды тандоо — Сотторду тандоо кеңешинин милдети экенин баса белгиледи.

«Кеңештин алгылыктуу аракети менен, бүгүнкү күндө соттук корпус бир кыйла жаңыланды. Бирок судьялык кызматка кокустан келип калгандар да жок эмес. Айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери дале токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат.

Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялар кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес. Аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы эң катуу чараларды көрүшү керек. Аларды колдоого алып, тиешелүү жарлыктарга кол койдум. Ошондуктан мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга баруу фактылары, түп тамыры менен жоюулууга тийиш», - деди ал.

Ошондой эле өлкө башчынын айтымында, туура эмес кабыл алынган соттук чечимдер жалпы мамлекетик башкарууга, бүтүндөй коомго доо кетирет.

«Биз мыйзамды мыкты билген, анын үстөмдүгүн сактаган, акыйкат иш алып барган, көз карандысыздык менен жоопкерчиликти айкалыштыра билген судьялардын корпусун түзүүгө умтулуп жатабыз. Мунун натыйжасында өздөрүнүн калыстыгы менен коомубузда бийик кадыр-баркка, кынтыксыз ишенимге ээ болгон судьялардын курамы өсүп чыгат», - деди Жээнбеков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком