18:46, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020627 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202042 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
Учурда окулуп жатат
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (97 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (48 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
14:47, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (41 адам окуп жатат)
Оштогу кримчөйрөнүн өкүлдөрү
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (29 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

Бир жылда 100 китеп окуган эки кыздын энеси Наргиза Кийизбаева тажрыйбасы менен бөлүштү

17:52, Бештин айынын тогузу, 2019 71

Баракелде -  Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну Наргиза Кийизбаева ушул жылы электрондук жана аудио китептерди кошкондо 100 китеп окуп бүтүрдү. Ал алгач 50 китепти окуп бүтүрүүнү максат кылган, бирок аларды жарым жылда эле окуп бүткөндүктөн, жылдын соңуна чейин 100 китеп окууну көздөгөн. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Наргиза Кийизбаева учурда мугалим. Ал эл аралык «Ала-Тоо» университетин аяктаган.

«Тамга тааныгандан баштап эле апама "китеп таап бериңиз, сурап бериңиз" дей берчүмүн. Кийинчерээк ата-энем мени райондук китепканага жаздырды. Китепканага баратканда атам сөзсүз бизге балмуздак же таттуу сатып жегиле деп акча берчү. Жалал-Абаддагы З.Нурматова атындагы "Сапат" лицейинде окугам. Жогорку окуу жайында гуманитардык факультетте окуганым үчүн сөзсүз көп китеп окуш керек болчу. Негизи жашоом китеп окуу менен өтүптүр», - дейт Н.Кийизбаева.

Ал китеп сатып алып жатканда кылдаттык менен тандоого аракет кыларын билдирди.

«Ар убакта актуалдуу боло турган, маалыматтарга бай китептерди сатып алам. Мага өзгөчө сөздөрдүн астын сызып окуй турган китептер жагат. Интернетте электрондук нускасы бекер эле табыла турчу китептерди сатып албайм. Мотивация берүүчү китептердин электрондук же аудио форматын таап алсам, ошол жетиштүү. Жол кирем үчүн гана акча алып коюп, калган каражатыма китеп сатып алган учурларым болгон. Курбуларымдан да китеп алып окуп турам. Кээде китептерди белекке беришет. Көбүнчө жолдошум белек кылат. Китеп тандаганда бир эле принципти карманам — эгерде китептин алгачкы 50 бети өзүнө тартпаса, аны андан ары окубайм», - дейт Н.Кийизбаева.

Ага диний, педагогикалык, психологиялык жана бала тарбиялоо жөнүндө китептер жагат.

«Албетте бестселлер болгон китептерди да элден калбай окугум келет. Китепти тез окуу ыкмаларын деле колдонбойм. Бирок бир убакта бир нече китепти окуй берем. Мисалы, уктоо алдында окуй турчу китебим, бүтпөсө экен деп күнүнө бир-эки беттен ырахаттанып окуган китептерим бар. Бирөөсүнөн тажаганда экинчисин окуй берем. Мотивациялык, бала тарбиялоо жөнүдө китептер, анан романдар бири-бирине аралашпайт, адашпайсың. Китептен окуп үйрөнгөн, туура деп эсептеген маалыматты жашоомдо практика жүзүндө колдонгонго аракет кылам. Мисалы, жакында эле окуган бир китепте "баланын бет маңдайына отуруп, колун кармап сүйлөшүү эффективдүү" деп айтылыптыр. Кызым ыйласа, "кел, сүйлөшөбүз" деп колунан кармап айтсам, мени укканын, түшүнгөнүн байкадым. Биз көбүнчө балдарга алыста туруп алып кыйкыра беребиз. А бала ыйлай берет. Китепти деле кайсы бир тармакта жетиштүү тажрыйбасы бар адам жазат деп ойлойм», - деди педагог.

Н.Кийизбаева учурда 2 кыздын энеси. Ал балдарды карап, анан китеп окуу кыйын экенин айтып, аудио китептерди угуп жатканын билдирди.

«Аудио китептерди үй жумуштарын жасап, тамак даярдап жүрүп деле уга берем. Түшүнбөй калганда да уга берүүнү уланта бериш керек. Ата-энелер китеп окуп, балдарга да үлгү боло алат. Мен китеп окуп калсам, 2,5 жаштагы кызым да китептерин барактап калат. Китептеги сүйлөмдөрдүн алдын сызып окуганымды көрүп, ал да китебине чийип калат. Өзгөчө мугалимдер китеп окууга көңүл бурушубуз керек. Сөзүбүз да таасирдүү болушу үчүн китеп окуш керек деп ойлойм. Максатым — дүйнөнү, жашоону башка адамдардын көзү менен көрүү, профессионалдардан ар тармакта сабак алуу.

Окуй турчу китептер көп. "Чексиз нур" деген китепти окуган сайын ыйлайм. Ал эми "Таңдын сыйкыры" ("Магия утра") деген китеп өзүмдү өзгөртүүгө себеп болгон. Кээде китептеги көнүгүүлөрдү жасайм. Китептен үй жыйноодон баштап, стресстен арылуу, бала тарбиялоо сыяктуу нерселерди үйрөнө аласың. Бир китепти окугандан кийин үй жыйноону үйрөндүм. Дагы бир китептен таасирленип, күнүнө 50 гана сөз жазам деген убада менен "ЖРТга даярсыңбы?" деген бүтүрүүчүлөргө арналган мотивация берүүчү китеп жаздым. Өзүмдү китептеги башкы каармандын ордуна коюп алып, кыйнала берем. Каармандар менен кошо кыйналып, ошол чыгармадан чыга албай жүрө берем», - дейт Наргиза Кийизбаева.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком