19:34, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
19:32, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 20204 Жалал-Абадда балдардын өлүмү өстү
18:31, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202038 Ошто чет өлкөлүк студентти сабап кетишти
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020765 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202065 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
18:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020205 Видео: Бишкекте «Тойота» унаасы күчүктү тебелеп кетти
Учурда окулуп жатат
13:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (86 адам окуп жатат)
«Курсак курулдап, нанга жетпей...»: 1990-жылдардагы жашоо эсиңиздеби?
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (59 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (43 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (21 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

Ой-пикир: Төө чечмей оюну кыргыздын салты эмес, - Абибулла Бапанов

16:45, Бештин айынын жетиси, 2019 44
Кадр из х/ф «Свет-аке»
Кадр из х/ф «Свет-аке»

Баракелде -  Кийинки учурларда кыргыз элинин тарыхына, салтына байланыштырышып, төө чечмей оюну тууралуу ар кандай пикирлер, көз караштар пайда болду. Албетте, ушуга окшогон көрүнүштөрдү коомубузда кайра жанданткысы келгендердин ниетинен улам ушундай пикирлер жаралганы жашыруун эмес. Бирок дүйнөдөгү мусулман элинин катарында биздин кыргыз элинин кыз-келиндери, аялдары да Алла Тааланын намыстуу, ыймандуу пенделеринен экендигин унутпашыбыз керек. Исламда аялдардын кадыр-баркы өтө бийик.

Пайгамбарыбыз Мухамммад (с.а.с) «Бейиш энелердин таманынын астында» деп айткан. «Кызга кырк жерден тыюу» деп элибизде бекеринен айтылып калган эмес. Илгерки убакта кыргыздар кыздарына улуттук кийимдерди кийгизип, жат көзгө көргөзбөй, өзгө жерде ыймандуу кылып тарбиялашкан. Качан гана кыздар бойго жетип, күйөөгө бере турган убагы келгенде гана алар тууралуу эл билип калышкан. «Баланчанын момундай кызы бар экен, ага жуучу түшүп жатышыптыр, буюрса той жасашып, күйөөгө узатышат экен» сыяктуу кептер айтылып келген. Бирок, тилекке каршы, эл ичиндеги ислам дининдеги аялдардын жогорку орду тууралуу билбеген же билсе да башка ниети, аракети менен бузук ишке барган адамдар кезикпей койбойт. Кыргыз эли көчмөн болуп келгендиктен жайлоого барганда, аш-тойлордо элдин башы биригип, көп мааракелер чогуу өткөн. Оюн-тамашалар уюштурулган, эл өз ара көңүл ачкан. Ошол оюн-тамашалардын катарында илгертеден эр сайыш, көк бөрү, тыйын эңмей, аркан тартмай, жамбы атмай сыяктуу кызыктуу иш-чаралар болчу эле.

Ошолордун катарына биз жогоруда сөз кылган төө чечмей оюнун да мажбурлап киргизишкен. Бул кантип оюн-тамашаларга кошулуп калган? Бул оюнду өткөрүү үчүн илгери кимдир бирөө чоң аш-той өткөрсө, эл ичиндеги бузук адамдар ушул оюнду уюштурушкан. Айтылган күнү ал жерге атчан жана жөө кишилер чогулуп, ортого тогуздап чоң сыйлыкты коюшкан. Ал коюлган сыйлыктын ар бири тогуздан болгон: тогуз жылкы, тогуз төө, тогуз уй, тогуз кой, тогуз эчки. Бир төөнү кымбат баалуу жабдыктар менен кооздоп, үстүнө килем жаап, ага асылып турган куржундун эки көзүн алтын-күмүш менен толтуруп, ортодогу казыкка чечилиши кыйын кылып, чыя байлап коюшкан. Анан эл ичинен өтө сулуу бир аял энеден жылаңач чыгып, төөнү чечип алышы керек болгон. Четте миңдеген адамдар төөнү ким чечип алар экен деп тамаша кылып, карап турушкан.

Албетте, кыргыз аялдарынын арасынан өз ыктыяры менен төө чечкенге чыккан эч ким болгон эмес. Бирок, уятсыз, ыймансыз адамдар аялдардан кимдир бирөөнү мажбурлап, төө чечкенге чыгарышкан. Дагы бир нерсени айта кетели, бул оюн айрым гана аймактарга мүнөздүү нерсе болгон, кыргыздар жашаган бардык аймактарга мүнөздүү эмес. Бул окуя башка жерден келишип, кыргыздар менен аралашып жашап калышкан элдин арасында болгон.

Эл ичинде айтылган сөздөргө караганда, айылдардын биринде ушундай бир окуя болгон экен. Бир адам кокустан бир кылмыш кылып, адам өлтүрүп кун төлөй турган болуп калган. Ал адамдын туугандары кун баасын мүмкүнчүлүгү жеткенче төлөшүп, калган бөлүгүнө күчү жетпей калышкан. Кундун баасын төлөбөгөндүгүнө байланыштуу ал адамды өлүмгө өкүм кылганда анын аялы айласыздан чоң аш-тойдо боло турган төө чечмейге чыккан. Кунду төлөй албай калышса калганын кечип жиберишсе деле болмок. Бирок өлгөн адамдын туугандары кечкен эмес. Чоң аш-той болгондо ошол аял ал жерге барган. Ал аял кийимдерин чечип, узун чачын жүзүнө калың кылып ороп, бетин элге көрсөтпөй, эл алдына чыккан. Ортодогу төөнү чечип, төөгө кошо бериле турган байлык-буюмдарды алгандан кийин жетпей калган кунду төлөп, күйөөсүн өлүмдөн бошотуп алган деп айтылат.

Жыйырманчы кылымдын башталыш мезгилдеринде 1917-жылкы революцияга тушташ убакта бир чоң аш-той маараке болуп, ал мааракеде ушул оюнду уюштуруу маселеси айрым кишилер тарабынан көтөрүлүп калган экен. Анан да ошол убактагы эл башкаргандар деле буга уруксат беришкен экен. Бирок төөнү ушунча байлыгы менен чечип ала турган бир да аял чыкпаптыр. Ошондо ыймансыз, бузук кишилер бир сулуу аялды мажбурлап, эгер ал төө чечкенге чыкпаса, анда анын балдарына, үй-бүлөсүнө жамандык кылышарын ачык айтышып, макул болууга көндүрүшкөн экен. Анан ал аял аргасыздан макул болуп, кымбат баалуу төөнү чечкенге барарын, бирок аны албай турганын, себеби буга аны мажбурлап жатышканын айткан.

Аял кийимдерин чечип, жылаңачтанып, төө чечкени жөнөйт. Бирок төөнү көздөй бара жатканда Алла Таала тыюу салган нерсени жасап, аялды мажбурлап чечинтип, жылаңач денесин көргүсү келген манаптарды, бийлерди каргап, бул ишке балдарын аман алып калыш үчүн гана барганын жар салып, калың элдин ортосунда байлыгына чиренген байларды уяткарган. «Ушул жерде турган баарыңарды мага окшогон энелер төрөгөн, кантип уялбай карап турасыңар?» деп байлар менен бийлерди көздөй жөнөгөн экен. Муну күтпөгөн бийлер дароо буйрук берип, аялды кийиндирип, алып кетүүнү талап кылышат. Тиги аял болсо ого бетер өчөшүп, үстүнө жапкан кийимдерди ыргытып, элди бийлеген байларды, элди ыйманга чакырган молдолорду каргап, уяткарып, эл арасында ызы-чуу түшүргөн экен. Ошондон улам эл ичинде катуу уялып калышкан байлар менен бийлер мындан ары бул сыяктуу көрүнүшкө жол бербестиктин аракетин жасап калышыптыр. Бул тууралуу биз мурдагы карыялардан угуп калганбы. Бирок алар бул чатак иш кайсыл айылда, кайсыл элде болгонун айтышкан эмес.

Бул жерде «эмне үчүн ошол сыяктуу окуяны ислам баалуулуктарын пир туткан дин кызматкерлери токтотуп коюшкан эмес?» деген суроо туулат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, дин кызматкерлери буга каршы аракеттерди жасашкан, бирок алар алсыздык кылышкан. Себеби, молдолордун сөзүн бийлер, байлар укпай коюшкан, өздөрүн Алланын сөзүн элге таратуучу молдолордон Алланын өкүмүнөн бийик коюп алышкан. Текебердик кылышып, өздөрүнүн гана пайдасы менен жашап, өздөрүнө гана жаккан иштерди жасашкан. Ыймандан чыгып кетишкен жана бузукулукка берилишкен. Эми ушул нерсе жүз жылдан кийин кайра биздин элибиздин арасында айрым ыймансыз кишилер тарабынан козголуп, улуттук салт катары көрсөтүлүп, кайра жандандырылышы керектиги тууралуу айтылышы – өтө намыска тийген уят нерсе. Эч ким өзүнүн энесинин, аялынын, эжеси-карындашынын, кала берсе кызынын төө чечкени элдин ортосуна жылаңач чыгышын каалабайт. Биздин азыркы коомубузда да уят-сыйыттан, ыймандан, адеп-ахлактан артта калган байлар пайда болгон сыяктуу. Алар да жүз жыл илгерки байлар жана бийлер сыяктуу жаман жолго баса башташкандай туюлат. Мындай өтө ыпылас, өздөрүнүн жамаатындагы аялдарынын абийирин өздөрү төккөн ушундай иштер дүйнөдө демократиясынын туу чокусуна чыккан Америка менен Англияда да жок, илгери да болгон эмес.

Бир жагынан өзүң да таң каласың. Илгери бузуку адамдар мындай иштерди мажбурлап кылдырышса, азыркы убакта кээ бир аялдар өздөрү көчөлөрдө жарым-жылаңач болушуп, уялбай басып жүрүшөт. Биз кайда баратабыз, деги?…

Автор: «Түрк элинин тарыхынан кыскача баяндар» китебинин автору Бапанов Абибулла ажы

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком