09:39, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020497 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020225 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (28 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз

19:55, Үчтүн айынын төртү, 2020 1337

Баракелде -  Бардык ооруларды алдын алуу маанилүү жана натыйжалуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы вирустук гепатиттер — кенен тарап, айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекция жана анын алдын алуу тууралуу кеңири маалымат берди.

Вирустук гепатиттин беш түрү бар — А, В, С, Д жана Е. В, Д жана С вирустук гепатиттери оор кесепеттерине байланыштуу чоң коркунуч туудурат.

Гепатитти жуктуруп алуу ооруган же жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө:

- ийне аркылуу баңги колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда;

- стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда;

- устара жана маникюр аспаптарын, тиш тазалагычтарды чогуу колдонгон учурда;

- стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө;

- корголбогон жыныстык катнаш учурунда (презервативсиз). Капысынан болгон байланыштарга барган же бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

В жана С гепатитинин энеден балага жугушу көп кездеше бербейт. Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

Оору кантип билинет?

Оорунун инкубациялык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чейинки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин созулат. В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатиттин белгилери: алсыроо, чарчоо, табиттин жоголушу, оң жактагы кабырганын астынын салмактанышы жана оорутушу, көңүл айлануу, кусуу, дене табы 38°С чейин жогорулашы, боор жана көк боордун чоңоюшу, көздүн агынын жана теринин саргайышы, тамак сиңирүүнүн бузулушу, заңдын түсүнүн жоголушу, агарышы, зааранын күңүрт болушу.

С гепатитинде дайыма эле саргаюу жана дене табынын жогорулашы байкала бербейт.

85% учурда В жана С гепатити симптомдорсуз өтөт. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн оорусу тууралуу билбейт жана айланасындагыларга жугузушу мүмкүн.

Парентералдык вирустук В, Д жана С гепатиттер лабораториялык изилдөөлөрдө гана аныкталат. В гепатитинин вирусу өзгөчө тышкы чөйрөдө туруктуу, вирус жогорку 132°С температурада гана өлөт. Эгерде гепатитти курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат.

В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулат жана оор абалдарга – цирроз же боордун рагына өтүшү мүмкүн. Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү же баңгизаттарды колдонуу боор циррозунун өөрчүүсүн тездетиши мүмкүн.

Чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалары менен В жана С гепатиттерине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылгыла.

Кан менен байланышкан манипуляция жасоо учурунда стерилденбеген аспаптарды колдонууда же жалпы шаймандарын пайдаланууда дагы шек туулса гепатитке текшерилиңиз.

Канда гепатит вирустарынын бар экенин канга анализ тапшыруу менен гана аныктоого болот.

В жана С гепатити менен ооруп калбоо үчүн: Өздүк гигиена каражаттарын жекече пайдалануу (тиш щетка, устара жана маникюр аспаптарын), жалпы шприц жана ийнени пайдаланбоо, медициналык жана касметологиялык процедураларды жасоо учурунда бир жолу пайдалануучу аспаптардын стерилденгендигин жана колдонулушун көзөмөлдөө, кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан качуу же презерватив колдонуу зарыл.

Азыркы учурда В вирустук гепатитине гана каршы вакцина бар.

В гепатитине каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын Улуттук алдын ала эмдөө календарына ылайык, балдарга төрөлгөн учурда жасалып, 2-3-5 жана 6 айында кайталанып турат. Эмдөө балдарга акысыз жасалат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком