19:31, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
18:31, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202037 Ошто чет өлкөлүк студентти сабап кетишти
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020755 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202064 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
18:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020205 Видео: Бишкекте «Тойота» унаасы күчүктү тебелеп кетти
Учурда окулуп жатат
13:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (66 адам окуп жатат)
«Курсак курулдап, нанга жетпей...»: 1990-жылдардагы жашоо эсиңиздеби?
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (55 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (46 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (24 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

Туугандарынын каршы болгонуна карабай балалык кыялын орундаткан Нурмира Молдошова. Видео

12:00, Бештин айынын жетиси, 2019 43

Баракелде -  31 жаштагы Нурмира Молдошова троллейбус башкарууну үйрөтүүчү 6 айлык курска барып, учурда Ош шаарында троллейбус башкарып жатат. Ал шаардагы троллейбус башкарган 2 айымдын бири. 2 жылдан бери мырзалар менен тең ата троллейбус башкарып жүргөн айдоочу айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиптештеринин басымдуу бөлүгү ага башка жумуш менен алектенүүнү сунушташат. Бирок Н.Молдошева троллейбус айдаганды жакшы көргөндүктөн, кыйынчылыктарга карабай айдоочу болуп иштеп жатканын билдирди. Анын бул чечимин ата-энеси жана бир туугандары да колдошот.

«Башында туугандарым иштей албайсың деп айтышкан. "Аял кишисиң, үйдө отуруп же башка жумушта иштесең болбойбу?" деп жүрүштү. Бирок мен алардын сөзүнө кулак салбастан өжөрлөнүп, жакын санаалаш эжем жана бир тууган агаларымдын колдоосу менен каршылыктарды жеңип, троллейбус айдаганды бат эле өздөштүрүп алдым. Буга чейин 6 жыл троллейбус каттамында текшерүүчү кызматында иштегем. Троллейбус мага тааныш болчу. Троллейбус же автобус башкаруу менин жаш кездеги кыялым болгон», - деди Нурмира Молдошова.

Ал айдоочулук курстарында окуп жүргөндө сынактан «4» алып калып, жаш баладай ыйлаган. Кайра башынан сынак тапшырып, «5» алганын айтып берди.

«Бишкектен мугалимдер келип, 12 кыз-келин 6 ай троллейбус айдоо боюнча окудук. Жыйынтыгында жалгыз мен калып, калгандары кетип калышты. Кесиптештеримдин көпчүлүгү улгайган кишилер. Алар жолдо троллейбус бузулуп калган учурларда жардам беришет. Көпчүлүк учурда улгайган чоң ата, чоң энелер “троллейбус айдаган сонун жарашып калыптыр” деп мактап калышат. Жумуш учурунда тааныштарым, досторум троллейбуска түшүп калса, алардан жол акысын албайм. Алар мени менен сыймыктанып жүрүшөт. Мен көздөгөн максатыма жетип, кыялымды орундаттым», - деди Нурмира Молдошова.

Н.Модошеванын иш күнү эртең мененки саат 06:00дө башталат. Айдоочулар кезектешип, жүргүнчүлөргө кечки саат 21:00-22:00гө чейин кызмат көрсөтүшөт. Алардын 1 айлык эмгек акысы 6-7 миң сомду түзөт.

«1-линияда иштеген убакта бир каттам үчүн 570 сом төлөчүбүз. Ал эми 2-линияда 320 сом төлөйбүз. Мисалы, бир күндө 1-линияда 7 жолу каттамга чыксак, ишканага 3 миң 990 сом төлөйбүз. Ал эми 2-линияда 7 каттам үчүн 2 миң 240 сом төлөйбүз. Шаарда студенттер бар кезде төлөмдөрдү төлөө оңой. Жайында студенттер жок мезгилде кыйын болуп калат», - дейт айдоочу айым.

Ал бир кыздын апасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком