10:22, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
10:05, Үчтүн айынын он сегизи, 20204 Абанын күндүзгү температурасы
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020531 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020235 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

Видео — Жогорку Кеңештин залынан чиновникти таппай калышты

14:27, Бештин айынын алтысы, 2019 713

Баракелде -  Жогорку Кеңештин кечээ, 5-декабрдагы отурумунда суроо узатылганда УКМКнын башчысынын биринчи орун басары Талант Салиевди таппай калышкан. Ал бир аз убакыттан кийин кайрадан парламенттин залына барып, депутаттын суроосуна жооп берген.

Окуя тууралуу:

Кезеги келип сөз алган вице-спикер Аида Касымалиева Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болгон Айеркен Саимаитинин өлүмү боюнча суроо узатты.

«Саимаитинин өлүмү боюнча түрк полициясы менен кызматташуу кандай абалда? Качан маалымат чыгат?», - деген суроосун УКМКга узатты.

Депутаттын бул суроосунан кийин Талант Салиевди ордунан таппай калышты.

«Келсин, күтүп турабыз», - деди А.Касымалиева.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: «УКМКнын орун басарын (УКМКнын төрагасынын орун басары) чакырып койгула», - деп суранды.

Башка жетекчилер суроолорго жооп берип бүткөндөн кийин А.Касымалиева: «ГКНБ (УКМК) келдиби?», - деп сурап, бирок Т.Салиевди табышкан жок.

Андан кийин А.Касымалиева: «Жоопкерчиликке тартылышы керек, эмне үчүн азыр кетип калды? Чара көрүлүшүн талап кылам, кимден суранып кетти? Менин суроомо ким жооп берет? Жеңиш Парпиевич…
Эмне үчүн, залдан өзү эле кете береби?!», - деп сөзүн бүтүрдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком