19:55, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
19:32, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202032 Жалал-Абадда балдардын өлүмү өстү
18:31, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202053 Ошто чет өлкөлүк студентти сабап кетишти
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020826 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202078 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
18:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020219 Видео: Бишкекте «Тойота» унаасы күчүктү тебелеп кетти
Учурда окулуп жатат
13:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (69 адам окуп жатат)
«Курсак курулдап, нанга жетпей...»: 1990-жылдардагы жашоо эсиңиздеби?
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (45 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (45 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (23 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

Жаш талант: 15 жаштагы жөө күлүк Майрамдын алгачкы ийгиликтери (сүрөт)

На русском
16:20, Бештин айынын жетиси, 2019 47

Баракелде -  Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 15 жаштагы тургуну Майрам Күмүшбек кызы 5 жылдан бери чуркоо боюнча мелдештерге катышып, Талас облусунун намысын коргоп келет. Аймактагы кабарчы жөө күлүк кыздан кабар алды.

Анын айтымында, 4-класстан баштап эле чуркоого кызыга баштаган.

«Биздин мектептин окуучулары чуркоо боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип келип жатканы мага өзгөчө шык берди. Алардын сыйланып жатканын көрүп, өзүмө эмне үчүн мен дагы ушундай деңгээлге жете албайм деп суроо бере баштадым. Агай командадагы мектепти аяктап кеткен жөө күлүк окуучулардын ордуна кийинки класстын окуучуларын кошуп жаткан экен. Мен дагы барып жазылып алгам. Бирок ошол учурда өзүмө алган чоң милдетти сезип, корко баштадым. Үйгө келгенде ата-энеме айтсам атам дагы мени колдоп, машыгуу үчүн шарттарды түзүп берди.

Биринчи жолу мелдешке барганда 500 метр аралыкка чуркагам. Атаандаштардын көбү менден улуулар болчу. Аракетимди жумшап, 2-орунду алып келгем. Ошондон бери машыгууну токтоткон жокмун. Чуркоонун дагы өзүнүн сырлары болот. 1 күндө 2 маал чуркайм. Эртең мененкисин сабакка чейин 1 саат чуркап келем. Сабактан кийин саат 18:00гө чейин чуркап машыгам. Кечки саат 20:00дөн кийин машыгуу токтойт. Анткени ал учурдагы машыгуу бизге пайдасынан да зыяны көп болуп калышы мүмкүн.

Учурда 18 медалым, 24 грамотам бар. Өткөн жылы «Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө» аттуу мелдеште Талас облусунан тандалып чыгып, Ысык-Көл облусундагы турнирге катыштым. Анда 4-орунду алып келдим. Ушундай жетишкендиктердин артынан республикалык деңгээлдеги мелдешке катыштым. Бирок ал жерден биринчи күнү 4-орунду алып калдым. Ызаланып, эртең сөзсүз жакшы орунга илинишим керек деп өзүмө сөз бергем. Ойлогон оюм ишке ашып, ал мелдеште 2-орунду алдым. Азыркы учурда келерки жылы 1-орунга жетүү үчүн аракет көрүп жатам. Келечекте чуркоону таштабастан көп ийгиликтерди багындырам деп максат коюп жатам», - деди ал.

Жөө күлүк кыз 3 бир туугандын улуусу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком