09:35, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020494 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020224 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (33 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Сүрөт: Министр Ч.Айдарбеков Братиславадагы жыйында сүйлөдү

На русском
12:48, Бештин айынын алтысы, 2019 115

Баракелде -  Словакиянын Братислава шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга (ЕККУ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) 26-жыйынына катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айдарбеков кечээ, 5-декабрда жыйында сөз сүйлөп жатып Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы ЕККУнун принциптери менен милдеттенмелерин өлкө жактай тургандыгын тастыктап, долбоордук-программалык кызматташууну күчтөндүрүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле министр ЕККУга мүчө 57 өлкөнүн делегацияларын 2020-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор өтөөрү тууралуу маалымдады. Ушуга байланыштуу өлкө жетекчилигинин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун байкоочуларын тартуу менен демократиялуу, адилеттүү жана ачык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу чечкиндүүлүгүнө ишендирди.

Өлкө алдында турган биринчи кезектеги милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарын айтып өттү. Атап айтканда, коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик трансформациялоо, курчап турган чөйрө көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс натыйжаларын чечүү, жашыл экономиканы илгерилетүү жана жалпысынан туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү. Эл аралык коопсуздук маселелери да козголуп, ЕККУга мүчө өлкөлөрдү терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз соодасы, курал-жарак, миграция чөйрөсүндө трансулуттук кылмыштар менен биргеликте күрөшүүгө чакырды.

«Мындан сырткары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун мейкиндигиндеги активдүү жана көпкө созулган конфликттерди жөнгө салуу боюнча словак төрагалыгынын комплекстүү ишин белгиледи. Албаниянын тышкы иштер министри Гент Чакайды келерки жылы ЕККУга төрагалык кылуу миссиясын кабыл алышы менен куттуктады», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком