09:41, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020497 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020225 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (26 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

«Бул жерде уят болуп жооп бербеңиз»: Аида Касымалиева Жеңиш Разаковго (видео)

12:16, Бештин айынын алтысы, 2019 496

Баракелде -  Кечээ, 5-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өттү. Отурумдун жүрүшүндө вице-спикер Аида Касымалиева сот арачылар институту тууралуу өз пикирин айтты.

А.Касымалиева: «Биз комитетте сот арачылар маселесин абдан көп талкууладык. Анын жыйынтыгын палатада айтып коюшум шарт. Кыргызстанда сот арачылар институту иштеп кеткен жок. Бирок ошол сот реформасынын өзөгү катары сот арачылар болушу керек эле. Биз комитетте талап койгонбуз. Ошол сот арачылардын иштебей калышына күнөөлүү болгон жооптуу жетекчилер жазасын алышы керек», - деди.

Депутаттын айтымында, бардык маселени каржылык жакка жүктөп койбош керек.

«Бизде каржы жок, бизде имараттар жок, ошондуктан сот арачылар институту кирген жок дегенден алыс болуш керек. Реалдуу план түзүү керек. Азыр биз сот арачылар кирген жок, дагы мөөнөтүн узартабыз деп жатабыз. Андай болбойт», - деди ал.

Ошондой эле Касымалиева бул институт иштеши керектигин билдирди.

«Менин пикирим боюнча институт иштеш керек. Анын иштебей калышына күнөөлүүлөр жазасын алуу керек. Бюджет керек болсо бөлүп бериңиздер. Реалдуу мөөнөттү айткыла», - деди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул маселе боюнча бирөө күнөөлүү деп айтуудан алыс экенин билдирди.

А.Касымалиева: - Эмнеге алыссыз? Бирөө күнөөлүү да. Эмнеге ишке кирген жок? Күнөөлүүсү барда же биз күнөөлүүбүзбү? Сиз комитетке келдиңиз беле?

Ж.Разаковдун айтымында, бул боюнча 139 млн сом бөлүнүп берилген.

А.Касымалиева: - 139 млн сом эмнеге жетет? Ал кайра эле бюжетке кайтарылып берилет.

Ж.Разаков: - Каражат бөлүнгөн. Тийиштүү жумуштар жүргөн....

А.Касымалиева Разаковдун сөзүн бөлүп, «Сиз комитетке келген жоксуз э?» деп суроо узатты.

Ж.Разаков: - Жок.

А.Касымалива: - Анда бардык талкууну билбей туруп, бул жерде уят болуп жооп бербеңиз.

Ж.Разаков: - Макул.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком