09:24, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020479 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020220 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (29 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Батирден денеси табылган эне менен кызы өлүм алдында кат калтырышкан

На русском
11:49, Бештин айынын алтысы, 2019 124
кара-балта
кара-балта

Баракелде -  Кара-Балта шаарында эки аялдын (энеси жана кызы) жансыз денеси табылган батирде өлүм алдында жазылган кат табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жеке булактар билдиришти.

Ал катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн. Мындан тышкары, алар батирди кимге калтырышканын, аларды акыркы сапарга узатуу үчүн каражатты кайда коюшканын жазышкан.

Кээ бир маалыматтарга караганда, үч бөлмөлүү батирди алар үй кызматкерине калтырышкан.

Буга чейин маалымдалгандай, 5-декабрда саат 17:00 чамасында шаардын Спорт кварталында жайгашкан батирде эки аялдын денеси табылган. Алар канча убакыттан бери жатканы белгисиз.

Маркумдар 1948-жылы туулган Л.П. — шаардагы белгилүү психоневролог жана анын 1979-жылы туулган С.П. аттуу кызы экендиги аныкталган. Кызы юрист болуп иштечү, жолдошу менен ажырашкан.

Маалым болгондой, апасы акыркы жылдары катуу ооруп, аз кыймылдачу. Ал эми кызы кандайдыр бир дары-дармектерди колдонуп жүргөн. Алар таанышын 5-декабрга чакырышканы айтылууда.

Психоневрологдун мурунку жолдошу шаарда дарыканалар тармагына ээлик кылат.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы малымдагандай, ушул жылдын 5-декабрында саат 15:00 чамасында Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарындагы Спорт кварталында жайгашкан батирден эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгып, батирден табылган эки аялдын денесинде кыйнап өлтүрүү белгилери болбогонун аныкташкан. Аялдардын бири 71 жаштагы Л.П. жана анын 40 жаштагы кызы С.П. экендиги белгилүү болгон.

Болжолдуу маалыматка караганда, эки аялдын денесин үй-бүлө ээсинин жакын курбусу таап, милицияга кабар берген. Мындан тышкары, батирдин башка бөлмөсүнөн өлүм алдында жазылган кат табылган. Анда алар өз жанын кыюуну чечишкенин жазып, алардын өлүмүнө эч кимди айыптабоону өтүнүшкөн.

Учурда милиция эки аялдын өлүмү бонча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Алардын өлүмүнө эмне себеп болгондугу аныкталууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком