14:21, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202041 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020116 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202083 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (69 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (41 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (33 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

«Бир нерсе азгыргандай сарайга кирген»: Жанын кыйган окуучунун өлүмү

10:38, Бештин айынын алтысы, 2019 109
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүй облусунда асынып алган өспүрүм бала жакшы жашаган үй-бүлөнүн уулу болгон. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

Буга чейин аталган бала үйүнүн сарайында асынып алганы маалымдалган. ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 26-ноябрда саат 17:03 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан. Каза болгон баланын өздүгү такталып, 2008-жылы туулган К.Н. экени аныкталган. Денесин кароодо мойнунда жиптин изинен башка жаракаттар болгон эмес.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгону жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болду. Учурда окуучунун өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Айылдыктардын айтымында, ал мектепте жакшы окуган окуучулардын бири болгон.

«Ата-энеси болуп Кызыл-Аскер айылында жашашчу. Ошол күнү көчөдө балдар менен ойноптур. Андан кийин бир нерсе азгыргандай сарайга кирип, жыгачка жип байлап асынып алыптыр. Кыязы оюн катары көрүп ойногон окшойт. Аны балдар көрүп калып, үйүндөгүлөрүн чакырып чыккыча каза болуп калыптыр. Атасы бул кырсык экенин айтып, эч кимге доосу жок экенин билдирди. Маркум үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси болчу», - деди айыл тургундары.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком