00:52, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Министр Ч.Айдарбеков Азербайжандын элчиси менен Бишкекке сейил бак куруу маселесин талкуулады

На русском
20:15, 3 бештин айы 2019 94

Баракелде -  Бүгүн, 3-декабрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда 14-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 7-жыйынынын алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен болгон эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Бишкек шаарында жалпы билим берүү мектебин жана Гейдар Алиев атындагы сейил багын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Г.Оруджев мырзанын кыргыз-азербайжан мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө олуттуу салым кошконун белгилеп, ага «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы» юбилейлик медалын тапшырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком