01:50, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Башка өлкөнүн жараны келип, каалаганын жасаган туура эмес, - депутат

На русском
19:04, 3 бештин айы 2019 75
Абдыбек Дюшалиев
Абдыбек Дюшалиев

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев «Кормилица» деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминаллеге каршы. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, мындай чагымчылдык биринчи жолу болуп жаткан жок. «Буга чейин парад болгон, экинчи чагымчылдык биз ыйык деп эсептеген музейдин ичинде болду. Мындай көрүнүштү токтотуу үчүн кандай иштерди жүргүзүшүңөр керек? Мен жумуштан кетирүү менен гана чектелбеш керек деп ойлойм», - деди депутат.

«Жаман иштер болбошу үчүн биз комиссияга сунуш киргиздик. Механизмдердин бири — Маданият министрлигинин бардык иш-чарасы өзүн көзөмөлдөшү керек», - деп жооп берди маданият министри Азамат Жаманкулов.

«Туура, бул театр эмес, музей. Башка өлкөнүн жараны келип, каалаганын жасаган туура эмес. Кийин мындай каталар болбойт деп ойлойм», - деп белгиледи депутат.

-----------------------------------------------

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Кормилица» деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминалле өткөрүлгөн. Бул көргөзмөнүн негизги максаты аялдардын экономикалык жактан эркиндиги, алардын укуктары жөнүндө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

«Феминалле» деген сөздү уюштуруучулар өздөрү ойлоп табышкан. «Биеннале» көркөм сүрөт көргөзмөсү же фестиваль, «феминизм» аялдардын укугун коргоо дегенди билдирет.

Мындан сырткары көргөзмөдө «Перфоманс Julie Savery» уюштурулуп, анда аялдар жылаңач басып, акырындан эл алдында кийинишкен. Мунун мааниси аялдардын укуктарын коргоо болгон.

Бул окуядан кийин 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аталган музейдин директору Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком