01:40, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Вице-премьер-министр Австриядагы жыйынга катышты

18:51, 3 бештин айы 2019 54

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Австрияга болгон иш сапарынын алкагында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин башкы конференциясынын экинчи атайын жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Атайын сессиянын башкы максаты Аргентинанын жаранын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигине башкы директор кызматына дайындоо болуп саналат. Муну менен бирге атайын сессия учурунда Жеңиш Разаков жана аталган агенттиктин башчысы Рафаэль Мариано Гросси эки жактуу жолугушуу өткөрүп, анда техникалык кызматташууну чыңдоо боюнча келечектүү кадамдар талкууланды.

Жеңиш Разаков агенттик маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири экенин, мамлекет алакаларды мындан аркы жакындаштырууга өзгөчө маани бере турганын белгиледи.

«Рафаэль Мариано Гросси Кыргызстандын онкологиялык ооруларга каршы күрөшүн колдоого даярдыгын билдирип, агенттик Кыргызстандын өкмөтү менен өзүнүн мандатынын алкагында кызматташууну улантарын белгиледи.

Тараптар жолугушуунун соңунда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтыкты жана таасирдүү өнөктөштүктү келечектүү бекемдөө үчүн кызмат өтөй турганына ишеним билдиришти», - деп айтылат маалыматта.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком