01:58, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чүйдө абактагыларга баңгизат алып барган 4 жигит кармалды

На русском
18:33, 3 бештин айы 2019 66
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүйдө баңгизат сатууга шектелип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Кечээ, 2-декабрда түнкүсүн Аламүдүн РИИБдин жана №3 абактын кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, ичинен 4 килограмм кара куурай табылган.

«Унаада 1994-жылы туулган Ы.Т., 1992-жылы туулган М.Н., 2000-жылы туулган Ж.М., 1993-жылы туулган Т.М. болгон. Кармалган жарандар баңгизат каражаттарын №3 абактагыларга тосмодон ыргытууну пландап жатканы аныкталды.

Бул факт Жазык кодексиндеги 268-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком