01:47, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандыктардын 86 пайызы ден соолугун жакшы деп эсептейт

На русском
18:27, 3 бештин айы 2019 31
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// Пресс-служба президента

Баракелде -  2018-жылы Кыргызстандагы жашоочулардын 86 пайызы ден соолугун жакшы жана абдан жакшы деп баалаган. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Мамлекеттик органдын маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын ден соолугун баалоо деңгээли 2017-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн эмес.

Ал эми калктын 13 пайызы ден соолугунун абалын орто деп баалаган. Гендердик маалыматты карасак, мырзалардын 89 пайызы, айымдардын 84 пайызы ден соолугун жакшы жана абдан жакшы деп эсептейт. Эркектердин 1 пайызы, аялдардын 1,2 пайызы ден соолугун жаман же абдан жаман деп билдирген.

Аймактардагы көрсөткүчтү карасак, Ош, Нарын жана Баткен облустарынын жашоочулары ден соолугунун абалын баалоодо позитивдүүлүгүн көрсөткөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком