02:24, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чоң-Кеминдеги жапайы жаныбарлар же фотокапкандагы уникалдуу кадрлар

20:08, 3 бештин айы 2019 59

Баракелде -  Кыргызстандагы корукка алынган аймактарда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын саны өсүп жатат. «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү алынды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сентябрь айында «Чоң-Кемин» жаратылыш паркынын аймагына «Пантера» корпорациясы менен «Илбирс» коомдук фондунун жардамында 10 фотокапкан орнотулган.

«Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 123 миң 654 гектарды түзөт. Парктын аймагынан Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн табууга болот. Ошондой эле ал аймакта өсүмдүктүн 600 түрү катталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком