02:10, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка келди

На русском
15:32, 3 бештин айы 2019 184
Алтынбек Сулайманов направляется на допрос в ГКНБ
Алтынбек Сулайманов направляется на допрос в ГКНБ
// Автор неизвестен

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүү үчүн келди. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда АКИpress агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Кечээ, 2-декабрда суракка депутат Дүйшөн Төрөкулов дагы чакырылган.

Буга чейин УКМК ведомстволор аралык тергөө тобу журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин улантып жатканын билдирген. 2-декабрда «Азаттык» радиосунун журналисттери, анын ичинде иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылган.

Ошондой эле суракка Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, мурунку депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырыла турганы маалымдалган.

------------------------------------

Башкы прокуратура «Азаттык» менен «Клооп» маалымат агенттиктеринин журналисттик иликтөөсү менен таанышкандан кийин кылмыш ишин козгогонун басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирген.
Иликтөөдө Айеркен Саимаити Кыргызстандын аймагында жүргөндө коркутууга кабылып, Түркияга качып кетүүгө мажбур болгону айтылган. Ошондой эле айрым журналисттерге да коркутуу болгону тууралуу жазылган. Буга факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүмү менен (адам өмүрүнө кол салуу) катталган болчу. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү милдети Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына берилип, Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алына турган болду.

------------------------------------

Түркиянын Стамбул шаарында 2019-жылы 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы буга чейин Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком