08:47, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020442 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020211 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (17 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Арасында аял киши бар: Баткендеги талаада мыкаачылык кылган топ кармалды (сүрөт)

На русском
12:15, Бештин айынын үчү, 2019 106

Баракелде -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, талаага алып барып союп, этин сатып жүргөн деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июнь айынан бери Кадамжай РИИБге жергиликтүү тургундар кайрылып келишкен. Алар бодо малдарын түн ичинде мал сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен белгисиз адамдар уурдап кетип жатканын билдиришкен. Бул фактыларды иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну П.К., Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну И.Ш. (аял киши), Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. Кызыл-Кыя шаарынан колго түштү. Ал эми Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну Н.О. Бишкек шаарынан кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул топ Үч-Коргондон 10 баш бодо малды уурдап, Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барып, аларды мыкаачылык менен союп, этин эт саткан дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөндүгү аныкталды. Азыркы күндө кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Сүрөттөр Баткен ОИИБдики

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком