02:07, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги өрттөн 5 адам түтүнгө ууланып, денеси күйдү

09:48, 3 бештин айы 2019 274
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Бишкектин Ленин районундагы Стаханов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, адамдар жабыркады. Жабырлануучулардын арасында жаш балдар бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 3-декабрдагы маалыматы боюнча, эки кабаттуу турак үйдөгү 2 батирдин 90 чарчы метр чатыры, үй буюмдары жана кийим-кечелер күйгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар:

- 1975-жылы туулган Б.А. (аял киши), түтүнгө ууланган;

- 1965-жылы туулган С.А., бети жана колу (IIIдаража) күйгөн;

- 1962-жылы туулган С.Н., колу күйүп, түтүнгө ууланган;

- 2012-жылы туулган А.К., түтүнгө ууланган;

- 2016-жылы туулган С.А., түтүнгө ууланган.

Жабырлануучулар тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык №4 жана №3 ооруканага жеткирилди. Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланып жатат. Өрткө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком