23:42, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
21:34, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202032 Бишкектеги паркка Ч.Түлөбердиевдин ысымы берилет
Учурда окулуп жатат
13:10, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (13 адам окуп жатат)
Талас шаарында эл ичкен суудан бөтөн зат чыгууда. Видео
11:14, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020 (12 адам окуп жатат)
Сузакта жаш келин менен эки уулунун жансыз денесин өз үйүнөн табышты

Эл каттоо: Каттоочу менен алдамчыны айырмалаңыз

19:12, Үчтүн айынын он беши, 2020 315

Баракелде -  Кыргызстанда 2020-жылы эл жана турак жайды каттоо кампаниясы болот. Анын жүрүшүндө убактылуу каттоочу боло турган персоналды тизмеге алууну автоматташтыруу пландалып жатат, деп маалымдайт Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Бул максатта Статистикалык комитет «Каттоочуну каттоодон өткөрүү» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан. Убактылуу каттоочу боло турган кызматкер менен түзүлө турган эмгек келишимде анын макулдугу менен маалымат топтолот. Андан кийин автоматтык түрдө маалыматтар базасы түзүлөт. Анын негизинде күбөлүк берилет.

«Бул иш мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетет. Мурдагы эл каттоо мезгилинде ушул иштер кол менен аткарылган.

Коопсуздук жана каттоочунун күбөлүгүнүн чын экенин текшерүү үчүн күбөлүктүн өзүндө QR-код болот. Бул ар бир каттоочу үчүн уникалдуулугу менен айырмаланат. Жарандар алдамчы эмес, каттоочу келгенине ишенүү үчүн QR-кодду сканерлөөдөн өткөрө алышат. Аны сканерлөөдөн кийин смартфондун экранында Улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат. Анда каттоочу жөнүндөгү маалымат: анын сүрөтү, фамилиясы, аты, атасынын аты болот. Бирок анын фамилиясы, аты, атасынын аты жазылган тамгалардын бир бөлүгү персоналдуу маалыматтардын конфиденциалдуулугун сактоо максатында жашыруун болот», - деп айтылат расмий маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком