00:50, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Музейдин директорунан кызматынан кетүүнү суранган министр Азамат Жаманкуловдун эмгек жолу

На русском
08:47, 3 бештин айы 2019 188
Азамат Жаманкулов
Азамат Жаманкулов

Баракелде -  Кечээ, 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачеванын ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арызына кол койгон.

М.Жангарачева АКИpress агенттигине кызмат ордун бошотуусунун себебин айтып берген. Анын айтымында, кызматтан бошотуу тууралуу арызы министр Азамат Жаманкуловдун суранычы менен байланыштуу.

2019-жылдын 19-июнунда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси кызматы ордуна Мира Жангарачеваны А.Жаманкулов өзү дайындаган.

Азамат Жаманкуловдун карьерасы

2018-жылдын 25-октябрында Жаманкулов Азамат Капарович (32 жашында) маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалат. Ал учурда аталган министрликти жетектеп турган Султанбек Жумагулов онкологиялык оорудан улам көз жумган.

Жаманкулов

Жаманкулов 2015-жылы маданият министринин орун басары кызматында болгондуктан, министрдин кызмат ордуна аны бекитишкен. Жаманкуловдун тушунда бир катар маданий мекемелердин жетекчилери кызматынан кетишти. Алар: Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын жетекчиси, цирктин директору.

Министр өзүнүн карьерасын жеке сектордон баштаган. 2011-жылдын май айында ал «Риэлт Партнер» ЖЧКнын аткаруучу директору болуп, 2013-жылга чейин эмгектенген. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында А.Жаманкулов компаниянын директору жана түзүүчүсү болуп көрсөтүлгөн.

2013-2014-жылдары Таш-Көмүр шаарында «Кристалл» ААКта инвестицияларды тартуу боюнча адис болгон.

2014-жылдын май айында Жаманкуловдун карьерасы башка багытта өнүгүп баштаган. Аны Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү жана даярдоо боюнча катчылыктын жетекчисинин орун басары кылып дайындашкан. Ошол эле жылдын август айында ал Кыргызстандын курорттор ассоциациясынын аткаруучу директору болгон. Ал эми 2014-жылдын февраль айында «Бүткүл дүйнөлүк этно оюндары» коомдук фонддун вице-президенти болуп дайындалган.

Жаманкулов

2015-жылдын октябрь айында ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү жана даярдоо боюнча катчылыкка жетекчи болгон. Министр болгондон кийин Жаманкулов 2019-жылдын февраль айынан тарта КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык фонддо Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

Билими

2005-2008-жылдары Кыргыз-түрк «Манас» университетинен билим алган. 2008-жылы Эл аралык университетте билим алып баштап, аны 2011-жылы аяктаган.

Үй-бүлөсү

2018-жылы октябрда Жаманкулов Нуржамал Мамбетовага (мамлекеттик кызматкер) үйлөнгөн.

Жаманкулов и Мамбетова

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком