23:13, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги музейде жылаңачтангандардын бири Даниядан келген (сүрөт)

На русском
20:30, 2 бештин айы 2019 1608
Перформанс в Бишкеке
Перформанс в Бишкеке

Баракелде -  Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жылаңачтанган аялдардын коштоосундагы көргөзмө музейдин жетекчисин кызматынан бошотууга жеткирди. Мындай ызы-чууга себепкер болгон иш-чаранын жылаңачтанган катышуучусу тууралуу маалыматтарды топтодук.

Жули Савери — Даниялык актриса жана бийчи. Анын расмий сайтындагы маалыматтар боюнча, Копенгаген шаарында музыкант, бийчи жана сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө өскөн. 5 жашынан тарта бийлеп, Nya Malmö Latin мектебин аяктаган 2014-жылы Берлинге барган. Жер которуусу бийчилик өнөр боюнча кесипкөй билим алуу менен байланыштуу болуп, ал окуу жайды 2019-жылы аяктаган.

Берлинде, Копенгагенде бийчилик өнөрүнөн тышкары өзүнүн долбоорлорун ишке ашыруу менен алектенет.

Жули 29-ноябрда социалдык түйүндөгү баракчасына Бишкектеги перформанстык көргөзмө тууралуу жазып, сүрөттөрүн да жарыялаган.

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Кормилица» деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминалле өткөрүлгөн. Бул көргөзмөнүн негизги максаты аялдардын экономикалык жактан эркиндиги, алардын укуктары жөнүндө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

«Феминалле» деген сөздү уюштуруучулар өздөрү ойлоп табышкан. «Биеннале» көркөм сүрөт көргөзмөсү же фестиваль, «феминизм» аялдардын укугун коргоо дегенди билдирет.

Мындан сырткары көргөзмөдө «Перфоманс Julie Savery» уюштурулуп, анда аялдар жылаңач басып, акырындан эл алдында кийинишкен. Мунун мааниси аялдардын укуктарын коргоо болгон.

Бул окуядан кийин бүгүн, 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аталган музейдин директору Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком