Кыргызстанда адал эт паркы пайда болот
Баракелде - Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.
«Аталган мыйзамга ылайык Кыргызстандын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясына көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш», - деп айтылат маалыматта.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.