02:37, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектик тургунду тоноп кеткен шектүү кармалды

18:06, 2 бештин айы 2019 49
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарында жергиликтүү жашоочуну тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматына караганда, Биринчи май РИИБге Н.У. аттуу жаран кайрылып, 24-ноябрда саат 23:00 чамасында Бейшеналиева менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курткасын, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун жана 1 миң 800 сомун тартып алып, качып кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган В.С. кармалып, соттун чечими менен 2 айга ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком